Menu

Ыктыярчылар коронавирус менен күрөшкөн Бишкектеги дарыгерлерге тамак-аш даярдап, жеткирүүнү токтотушту

Бөлүшүү:

“Гильдия добра” кайрымдуулук бирикмеси ресурстардын жетишсиздигинен улам коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеген дарыгерлерге тамак-аш берүүнү токтотту. Бул тууралуу журналисттерге ыктыярчылар өздөрү билдиришти.

Алардын айтымында, алар төрт ооруканага (кызыл зоналар) тамак-аш жагынан жардам берип келишкен.

«Көптөгөн достор жана боорукер жарандар бизге дарыгерлерге керектүү азык-түлүктү алууга жардам беришти. Бирок биз чарчадык. Ар бир ыктыярчынын үй-бүлөсү, бизнеси, жумушу, түйшүгү бар. Дарыгерлерге тамак-аш даярдоо үчүн кеминде беш саат, ал эми жеткирүү үчүн эки саат талап кылынат. Бизде мындан ары ресурстар жок, продукция жок. Декабрь айы, жетим балдар жана карылар үйүнө акция өткөрүүгө каражат издешибиз керек », – дешти кайрымдуулук бирикмесинин мүчөлөрү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: