15 жаштагы кыздын боюнда болуп калганы боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер” беренеси боюнча жүргүзүлүп жатканы көрсөтүлгөн.
«Милицияга жашы жете элек бейтап тууралуу билдирүү 6-декабрь күнү саат 13:30 чамасында келип түшкөн. Кыз 15 жашта. Милиция өспүрүмдүн ата-энесин суракка алууда, иштин бардык жагдайлары текшерилүүдө», – деп билдирди ШИИБ.
Эске салсак, Ош шаарында 15 жаштагы кыздын боюнан түшүп калган. Өспүрүм Ош облустук төрөт үйүнө кансырап жаткырылган. Түйүлдүккө 16-17 жума болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ