Menu

Укук коргоочу: Бийлик активист Бокаевди абактан бошотуу үчүн анын саясаттан кетишин талап кылууда

Бөлүшүү:

Алматылык укук коргоочу, «Ар.Рух.Хак» коомдук уюмунун башчысы Бахытжан Торегожина 7-декабрда Атырау шаарындагы абакта отурган активист Макс Бокаев менен жолугуп чыкты.

Торегожинанын айтымында, абакта активистке бир нече жолу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу сунушу болуп, бул үчүн ал саясий активдүүлүгүн токтотушу керектиги айтылган.Бирок ал мындай сунуштардын бардыгын четке каккан.

«Бокаевдин айтымында, акыркы жолу өздөрүн президенттик администрациянын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар ага сентябрда келип кетишкен. Алар аны эч кандай арызы жок эле бошотушарын, болгону ал экологиялык маселелер менен гана алектенип, ишмердүүлүгүнө атайын дайындалган адам көз салып турары айтылган. Буга активист макул болгон эмес», — деди Торегожина.

Ал Макс Бокаевдин саламаттыгы жакшы экенин, ал саясий жаңылыктарга көз салып, «күрөш жүргүзүүгө» даяр турганын кошумчалады.

Бокаев буга чейин жакындары менен жолукканда да ага «сүйлөшүү үчүн» бийликтин адамдары келгенин, алардын сунуштарын четке какканын бир нече жолу айткан. Бийлик мындай билдирүүлөр боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

2016-жылы жер сатууга каршы өткөн митингерден кийин беш жылга соттолгон казакстандык активист Макс Бокаев 28-сентябрда Актөбөдөгү түрмөдөн Атырау шаарындагы колонияга которулган. Ал «Социалдык кастыкты козутуу», «Жалган маалымат таратуу» жана «Митингдер тууралуу мыйзамды бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.Анын жаза мөөнөтү 2021-жылы 21-февралда аяктайт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Казакстандагы активисттер Макс Бокаев эркиндикке чыгышы керектигин айтып келишет. Аны укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: