608 медицина кызматкерлери компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, алардын ар бирине 200 миң сомдон төлөнгөн. Мындан тышкары, каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 миллион сомдон берилди.
“Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда”, – деди Айнура Акматова.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 3 миң 986, алардын 3 миң 695и айыгып, ооруканалардан чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ