Бүгүн, 8-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 295 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 68, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 87, Ош облусунан – 13,Талас облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 56, Жалал-Абад облусунан – 34, Баткен облусунан – 15. Нарын облусунан – 4 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 75 690 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 473 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 67 873кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 126, Ош шаарынан – 22, Чүй облусунан – 118, Ош облусунан – 44, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 68, Баткен облусунан – 34, Нарын облусунан – 7, Талас облусунан – 18.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 3, Ош облусунан – 1 каза тапты. Жалпы саны 1301ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ