Menu

Өлкөдө сасык тумоого каршы 300 миң жаран эмделди

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө 300 миң адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, 905 миң адамды эмдөө пландаштырылган, ага социалдык жактан аялуу топтор жана тобокелдик тобундагы жарандар кириши керек болчу.

4-декабрда Россиядан Кыргызстанга сасык тумоого каршы 550 миң доза вакцина алынып келинди. Мындан тышкары ЮНИСЕФтин колдоосу менен сатылып алынган тумоого каршы 70 миң доза вакцинанын келиши күтүлүүдө.

Учурда эмдөөнүн үчүнчү этабы жүрүп жатат. Жеке медициналык борборлорунда 6 758 адам сасык тумоого каршы вакциналарды алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: