Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Баткен облусунун бир катар өндүрүштүк ишканаларын кыдырып чыкты

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында  Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, премьер-министрдин м.а. 2020-жылы «Кант түтүк-шифер ишканасы» ЖЧК тарабынан курулган шифер өндүрүү заводуна барды.

Ишкананы кыдыруу учурунда анын учурдагы ишмердүүлүгү жана аны өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, келечекте толук кандуу өнөр-жай кластерин түзүү зарыл, анда сырьену өндүрүүдөн тартып, продукцияны өндүрүүгө, анын ичинде экспортук максатта өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлүшү кажет.

«Өкмөт ишкананы кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча пландарды ишке ашырууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт»,- деп белгиледи Артём Новиков жана келерки жылга карай ишкана жетекчиси тарабынан айтылган буюмдары сырдоо боюнча кошумча линиялар ишке киргизилээрине ишеним билдирди.

Белгиленгендей, учурда заводдун продукциясы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылууда, мында ишкана модернизацияланган соң, продукцияны Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларына экспорттоо мүмкүндүгү бар.

Андан соң Артём Новиков «Түштүк-кыргыз цемент» заводуна барды, анда ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси жана аны өнүктүрүү келечеги менен таанышып чыкты.

Белгиленгендей, учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу заводдун бир бөлүгү гана иш алып барууда.

Премьер-министрдин м.а. ишкана жетекчиси менен биргеликте ишкананын көйгөйлүү маселелерин жана аны Өкмөт тарабынан колдоого алуу чараларын талкуулады. Ошондой эле чет элдик адистердин келүүсү маселеси талкууланды, алар менен биргеликте ишкананы модернизациялоо, анын ичинде заводду толук өндүрүш кубаттуулугуна чыгаруу үчүн өндүрүлгөн продукция көлөмүн жогорулатуу маселеси иштелип чыгат, натыйжада, келечекте продукцияны Өзбекстан Республикасына экспортоого мүмкүндүк ачылат.

Жыйынтыгында премьер-министрдин м.а. 450 ашуун адамды жумуш менен касыздап турган Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводуна барды. Завод көп убакыттан бери токтоп турат, ишкана жетекчилиги тарабынан анын ишин жандандыруу жана модернизациялоо боюнча аракеттер кабыл алынган эмес.

Премьер-министрдин м.а. ишкананы кыдырып чыгып, Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тамеки өстүрүү, аны ферментациялоо жана тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканаларга экспорттоочу толук кандуу тамеки кластерин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Ишкананын модернизациясы жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүнү, социалдык, анын ичинде республикалык бюджетке каражаттарды чегерүүнү камсыз кылат. Биз мындай демилгени ар дайым колдойбуз», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: