Menu

Актөбө облусунда «Нур Отан» партиясынын депутаты кармалды

Бөлүшүү:

Актөбө облустук кеңешинин депутаты Аркадий Ни «мыйзамсыз иштерге баруу» айыбы менен кармалгандан кийин «Нур Отан» партиясынан чыгарылды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, мындай чечимди саясий кеңештин облустук бюросу 7-декабрда кабыл алды.

Актөбө облустук полиция департаменти «жеке адамга карата мыйзам бузганы үчүн жергиликтүү тургунга карата сотко чейин тергөө иштери башталганын» билдирди. Мекеме шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирип, бирок тергөөнүн сыры деп анын аты-жөнүн айткан жок.

Күн мурун «Чиновник» деген телеграм-канал Актөбө облустук кеңешинин депутаты Аркадий Ни «16 жашка чыга элек өспүрүм менен сексуалдык байланышта болуу» беренеси боюнча шектелип жатканын жазган. Каналдын маалыматына караганда, Ни Актөбө аэропортунда 5-декабрда кармалган. Билдирүүдө депутат тагылган айыптоолорду четке кагып жатканы жазылган.

Telegram-канал мындан тышкары Аркадия Нинин Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жана «Ишенимдүү капитал» компаниялар тобунун негизги акционери Булат Утемуратов менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

59 жаштагы Аркадий Ни Казакстандын Теннис федерациясынын Актөбө облустук өкүлчүлүгүнүн директору. Бул федерацияны Булат Утемуратов жетектейт. Ноябрдын аягында ал БТА Банк боюнча козголгон кылмыш ишинде жоопкер катары өтүп жатканы белгилүү болгон. Өткөн айда британ соту БТА Банктын өтүнүчү менен Утемуратовдун беш миллиард долларлык активдерин камакка алган.

Көптөгөн жылдар бою түрдүү коммерциялык уюмдарда иштеп келген Аркадий Ни 2006-жылдан бери «Рокос» компаниялар тобун жетектейт. «Нур Отан» партиясына 2011-жылы кирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: