КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар менен жолугушүу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө жабыркаган жарандар ден-соолугу, мындан ары дарылануу жана реабилитациядан өтүүсү боюнча маселелери жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу билдиришти. Алар тарабынан медициналык мекемеде дарылануусу жана социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Вице-премьер-министр билдиргендей, көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларды мындан ары иштеп чыгуу жана чечүү боюнча тапшырмалар берилет.
«Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз. Өкмөт өз кезегинде бардык маселелерди көзөмөлдөп турат», – деди Эльвира Сурабалдиева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ