Menu

Душанбе Сирия лагерлериндеги тажикстандык аялдар менен балдардын тизмесин түзүүдө

Бөлүшүү:

«Аль-Хол» лагери

Сириядагы «Рож» качкындар лагеринде тажикстандык жети аял жана алардын жыйырма баласы кармалууда. Алар «Ислам мамлекети» террордук тобунун өлтүрүлгөн мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрү.

Тажикстандын Кувейттеги элчилиги жарандарды мекенине кайтаруу боюнча аймактагы күрт күчтөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

«Рож» лагериндеги аялдардын бири ал жерде үч жылдан бери кармалып турушканын, ошондон бери алгачкы жолу тажик бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушканын билдирди. Анын күйөөсү согушта курман болуп, өзү баласы менен күрт күчтөрүнүн туткунуна түшкөн.

Элчиликтин өкүлү Тажикстандын жарандарынын тизмесин түзүү үчүн «Аль-Хол» лагерине барышканын билдирди. Анын айтымында, бул лагерде 400дөн ашык тажикстандык аялдар жана балдар бар. Ал жарандарды мекенине кайтаруу боюнча лагерди көзөмөлдөгөн күрт күчтөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колдоо табышканын кошумчалады.

5-декабрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Аль-Хол» жана «Ал-Хасака» лагерлеринде ИМ террордук тобунун жоочуларынын үй-бүлө мүчөлөрү болгон 500дөн ашуун тажик аялдар жана балдар кармалып турганын билдирген. Алар 2017-2018-жылдары ИМ тобу жеңилгенден кийин лагерлерге жайгаштырылган.

Сирия менен Иракты ИМ тобунун жоочуларынан тазалоо учурунда күрт күчтөрү жүздөгөн тажикстандык аял менен балдарды кармашкан. Душанбе эки жыл мурда Ирактан 80ден ашык тажикстандык баланы мекенине алып келген. Ирак соту 40тан көп тажик аялды ИМ тобуна көмөктөшкөндүгү үчүн узак мөөнөттөргө эркинен ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: