Menu

Кара-Көл шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендер кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди  кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди  аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган бир катар операциялары ийгиликтүү аяктаган.

Аталган факт КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

Анын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1997-жылы туулган Ш. уулу И. жана 2000-жылы туулган  Ж. уулу Т.  аттуу жарандар кармалып, аларга карата кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзөчө жыты бар зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат жалпы салмагы 987  граммды түзгөн “гашиш”  баңгизаты  экендиги аныкталган.

Азыркы учурда шектүүлөр УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: