Menu

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштык кылган жарандырды кармады

Бөлүшүү:

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштык кылган жарандырды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-декабрда болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББнын”102″ кызматына 12-кичи районунда жайгашкан “Альбатрос” мончосунда мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, мончого келген эки кардар мас абалында ызы-чуу салып жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.
Бирок, милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринен улам, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Р.Ч. жана 1993-жылы туулган Э.А. аттуу эки жаран кармалып, октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факты боюнча октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-берененин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: