Menu

Сасык тумоонун эң жогорку чеги декабрь айынын аягында – январдын башында күтүлөт

Бөлүшүү:

Сасык тумоонун эң жогорку чеги декабрь айынын аягында – январдын башында күтүлөт. Мындай маалыматтарды Саламаттыкты сактоо министрлиги келтирет.

Министрлик өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган адамдардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 10,3 пайызга азайгандыгын белгиледи.

“2 миң 430 учур катталды. Ал эми 2019-жылдын ушул жумасына салыштырмалуу оору эки эсе аз – 2019-жылы 4 931 учур катталган”, – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул кезге чейин тобокелдик тобундагы 300 миң адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөнүн белгиледи. 4-декабрда Россиядан сасык тумоого каршы 550 миң доза вакцина алынган. Мындан тышкары ЮНИСЕФтин колдоосу менен сатылып алынган 70 миң доза тумоого каршы вакцина келиши күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: