Menu

Москва облусунун соту Кыргызстандан барган таксистти өлтүргөн деп айыпталып жаткан жаранды 11 жылга эркинен ажыратты

Бөлүшүү:

Талдом райондук соту 50 жаштагы Москва шаарынын тургуну Игорь Волковду Кыргызстандан барган таксистти өлтүргөндүгү үчүн катуу режимдеги колонияда 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Кыргызстандын жаранын өлтүрүү 2020-жылы февраль айында Москва облусунун Талдом районунда болгон. Ошол күнү таксистке кечинде чалуу болуп, унаага бир адам олтурган.

Жолдогу сапар учурунда таксист менен Волков сүйлөшүп бара жатышкан. Кыргыз жараны акчанын жетишсиздигине жана өз тагдырына нааразычылыгын билдирген. Айыпкер таксистке ал ижарага алып айдап жүргөн унааны бузуп, тетиктерин 200 миң сомго сатып, акчаны бөлүп алууну сунуштаган. Ал эми унаанын ээсине жана милицияга машинаны уурдап кетти деп арызданып кутулуу жолун айткан. Бул сунушка маркум макулдугун берген.

Алар унааны бузуп-сатуу үчүн Тверь облусуна айдап жөнөшкөн, анткени ал жакта айыпталуучунун мындай ишти жасоого ылайыкташкан автогаражы болгон. Андан кийин жолдо кетип бара жатып, алардын ортосунда акча маселеси боюнча чыр чыккан. Кылмышка шектүү тапанчасын алып чыгып, таксистке үч жолу ок чыгарган. Таксист ошол жерде көз жумган. Андан кийин Волков Кыргыз жаранынын сөөгүн көчөгө ыргытып жиберип, унааны айдап кетип калган.

Москвалык киши өлтүрүүгө жана уурулукка шектелип кармалган. Тергөө учурунда ал күнөөсүн мойнуна алган жок, тескерисинче, кыргызстандыкты айыптаган. Волков маркум ага кол салган жана акчаны алгысы келген деп ырастаган.

Бирок сот отурумунда ал киши күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, ал өзүн-өзү коргоо максатында ок чыгарган”, – деп жазат орус басылмалары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: