Menu

Арменияда оппозиция жарандык баш ийбөөчүлүк акцияларын баштады

Бөлүшүү:

Арменияда оппозициянын тарапкерлери өлкөнүн борбору Ереван баштаган бир нече шаарда акцияларды өткөрүп жатат. Мындай акциялар оппозиция премьер-министр Никол Пашинянды кызматтан кетишин талап кылган мөөнөт аягына чыккан 8-декабрда башталды.

«Никол, чыккынчы», «Николсуз Армения» деген ураандарды чакырган жүздөгөн адамдар Еревандын көчөлөрүнө чыгып, шаардагы автоунаа кыймылын бууду. Акциянын бир нече катышуучусун милиция кармады.

Митингдер Гүмрү, Ванадзор сыяктуу башка шаарларда да өттү.

Оппозициячыл «Армян революциячыл федерациясы» партиясынын лидери Ишхан Сагателян премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды. Ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин өкмөт башчынын буйруктарын аткарбоого чакырды.

https://www.currenttime.tv/a/30985661.html

Буга чейин оппозиция өкмөт башчынын кызматтан кетишине 8-декабрга чейин мөөнөт берген. Никол Пашиняндын кызматтан кетишин баш-аягы 17 партия талап кылып жатат жана алар «Ата Мекенди коргоо» кыймылына биришкен. Бул кыймыл өкмөт башчылыкка Улуттук-демократиялык бирикменин лидери Вазген Манукяндын талапкерлигин көрсөткөн.

Никол Пашиняндын саясий салмагы 10-ноябрда Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышты токтотуш үчүн Азербайжандын жана Орусиянын президенттери менен макулдашууга кол койгондон кийин кескин азайды. Документти көпчүлүк армяндар Еревандын жеңилиши катары кабыл алышты.

https://www.currenttime.tv/a/30989680.html

Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого 2000ге жакын ашуун орусиялык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: