Menu

Умбеталы Кыдыралиев: “Текебаевдин бир кемчилигин байкап калдым. Дайыма эле өзүнүн ой-пикирин айта берет”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Умбеталы Кыдыралиев Өмүрбек Текебаевди сынга алды.

Анын айтымында, Текебаев дайыма эле өзүнүн ой-пикирин айта берет.

“Өмүрбек Текебаевди биз сыйлайбыз. Чынында эле ал Кыргызстандын жаңы тарыхында эң мыкты депутаттардын бири. Бирок биз аны сыйлаган сайын, бизди эч оюна албайт. Текебаевдин бир кемчилигин байкап калдым. Дайыма эле өзүнүн ой-пикирин айта берет.

Мына азыр, жаңы Конституциянын долбоорун иштеп жатабыз. Келгиле чоогу чечели деп дайыма айтабыз. 2010-жылы жазылган Конституция менен жашадык. Жаман Баш мыйзам деп айта албайм. Бирок факт менен караганда бизге эч жакшы нерсе алып келген жок”, – деди депутат Умбеталы Кыдыралиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: