Menu

Өзбекстан Сириядан 100гө чукул жаранын алып келди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда «Мехр-3» операциясынын алкагында Сириядан 25 аял жана 73 бала алынып келинди. Бул тууралуу 8-декабрда жергиликтүү басылмалар билдирди.

«Алар жакшы жабдылган медициналык мекемелерге жайгашырылды жана ысык тамак, кийим-кече менен камсыздалды. Адистер медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт», – деп айтылат билдирүүлөрдө.

Өзбекстандын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.

2019-жылы 30-майда Өзбекстан гуманитардык «Мехр» операциясынын алкагында Сириядан 156 аял менен балдары алып келген. Ошол эле жылы октярда экинчи операция жарыяланып, ата-энесиз калган 30 бала жана 25 кыз Өзбекстанга жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: