Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Байтик айылындагы мектеп окуучуларынын массалык түрдө ууланышынын себептерин иликтеп чыгууну тапшырды

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», – деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: