Menu

Ысык-Көлдө жасалма долларларды өткөзүп жүргөн Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө жасалма долларларды өткөзүп жүргөн Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз РИИБне Кызыл-Суу жана Дархан айылдарынын тургундары арыз менен кайрылып, 23-ноябрдан 26-ноябрга чейинки аралыкта белгисиз азия улутундагы бала дүкөндөн АКШнын 100 доллары менен майда соода кылып, калдыгын сом менен кайтарып алгандыгын билдирген. Кийинчерек, АКШнын 100 доллары жасалма экендиги аныкталган.

Ушундай эле окуя Каракол шаарында болуп, анда 20-ноябрда белгисиз адам дүкөндөн сыра ичимдигин жана чипсы сатып алып, жасалма 100 доллар менен төлөп, калдыгын сом менен алган.

Аталган фактылар Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225 беренесинин 1 бөлүгү (Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган кылмыштын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында дасыккан милиция кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү адамдын өздүгүн аныкташып, колго түшүрүшкөн. Ал, Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну Э.Б. экени белгилүү болгон. Алгачкы суракта, шектүү адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Анын айтымында, ал 5000 жасалма чет мамлекеттик валютаны 2000 АКШ долларына сатып алган. Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен майда соода кылып, сом менен калдыгын алып жүргөн.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан калган жасалма акча каражаттары каяктан, канча өлчөмдө келгендигин жана кандай жол менен жасалгандыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүрүүдө.

Ушундан улам, Жети-Өгүз РИИБи жарандардан кармалган адам алардан жасалма АКШнын 100 доллары менен соода кылып кетсе, анда райондук милицияга кайрылууну, же болбосо 0700058999, 102 телефондору менен байланышууну өтүнүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: