Menu

Видео – Канат Хасанов Абдил Сегизбаевге: “Садыр Жапаров жигит болсо дебатка келсин деп жатасың. Эркек болсоң, мени дуэлге чакырчы!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда адвокат жана “Чоң казат” партиясынын мурунку мүчөсү Канат Хасанов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, бир күн мурун Садыр Жапаровду дебатка чакырган президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге өтө катуу кайрылуу жасады.

Хасанов Абдил Сегизбаевдин өзүн ыйык адамдай көрсөтүп жатканына ачууланып жатат. Канат Хасанов Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда, уулуна кысым көрсөтүп, Садыр Жапаровдун уулдарына иш козгогонун, Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жасалма документтерди жасагандыгын белгиледи.

“Азыр эми отуруп алып өзүңдү акылдуу көрсөтүп жатасың. Сен Маевский келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн унуткан жоксуңбу? Болот экөөңөрдүн 350 кг алтынды менчиктештирип алганыңардычы? Болот ошол 350 кг алтын боюнча издөөдө жүрөт. Ал жакта башында адвокат мен болчумун, эгер унутпасаң. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бүтүндөй операция өткөрүшкөн, буга дагы көз жумуп койдуңбу?” – деп суроо салды Канат Хасанов.

«Урматтуу, Абдилчик! Силер сотторго кийлигишип, компанияларга мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, мени банкрот кылгансыңар. Сен Икрамов (Икрамжан Илмиянов) жана Болот менен биригип, ар кандай иштерди жасаганыңарды билебиз. Эми болсо, азыр баарына Илмияновду күнөөлөп жатасың. Бул эркекчиликке жатпайт!”, – деди Хасанов.

Ал Сегизбаев 2010-жылы КСДПнын штабына оң рулдуу “Ауди” үлгүндөгү автоунаа менен келгенин, азыр болсо кандай унаа тееп жүргөнүн, кандай үйдө жашап жатканын сурап, мунун барына акчаны кайдан алганына кызыкты.

“Садыр Жапаров жигит болсо дебатка келсин деп жатасың. Эркек болсоң, мени дуэлге чакырчы. Биз экөөбүз башкача дуэль өткөрсөк болот, мисалы рингде” – деди ал.

Канат Хасанов Сегизбаев Садыр Жапаровду кандай максатта дебатка чакырганын айтты.

“Президенттик шайлоо бүтсө, сага дагы кезек келет. Ошондо “мен саясий туткунмун”, “бул саясий буйрук” деп кыйкырып чыгыш үчүн жасап жатасың” – деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: