Menu

Видео – Ноокаттагы жол кырсыгынан төрт адам жаракат алды. Жабыркагандардын бири унаанын дөңгөлөктөрүнүн астына калып калган

Бөлүшүү:

Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп, анын натыйжасында жөө жүргүнчү унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында калып калган. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ноокат районунун Айбек айылынын Ноокат-Папан унаа жолунун 7-чакырымында “Daewoo Lanos” унаасын башкарып бара жаткан 1987-жылы туулган айдоочу 1969-жылы туулган М.Т.ны сүзүп кеткен.

Соккуга урулган жөө жүргүнчү “Фольксваген Пассат” унаасынын дөңгөлөктөрүнүн астына калып калган. “Daewoo” машинасы дагы ушул унаага урунган.

Кырсыктын кесепетинен унаа айдоочулары жана “Фольксваген Пассаттын” үч жүргүнчүсү жаракат алышкан. Аталган факты боюнча текшерүү иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: