Menu

Видео – Замир Жоошев, адвокат: “ЖАМКтын жетекчилиги тарабынан Алмазбек Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу аракети жүрүп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги тарабынан Алмазбек Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Атамбаевдин адвокаты билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатканда ден соолугу өтө начарлап кеткен, ал абактын шарттарына калыштырмалуу №47 колониянын шарттары жакшыраак.

“Биз негизи Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну талап кылып жатабыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Эмне себептен УКМКнын абагына которууну каалап жатышат. 7-декабрда Азиз Батукаевдин иши райондук сотко өткөрүлүп берилди, судья Термечиков мындан ары Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоону чечти. Атамбаев сот процесстерине тоскоолдук келтирбегендиктен,  аны УКМКнын абагында кармоого эч кандай негиз жок” – деди адвокат.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: