Menu

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапары менен барды

Бөлүшүү:

КРнын Вице-премьер-министри Максат Мамытканов 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын президентин  мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата даярдыктар менен жеринде таанышып, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен барып, облус активи менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо комиссияларына шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда, анын ичинде пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык-гигиеналык нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук  менен камсыздоо, кошумча электр генераторлорун коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү  тапшырмаларын берди.

Максат Мамытканов билдиргендей, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгында Форма 2 колдонулушу элдин нааразычылыгынын себептеринин бири болгон.

Вице-премьер-министр алдыдагы шайлоодо Форма 2 колдонулбай турганын айтып, ошондуктан эл арасында өзүн өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.  Ал эми укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу, жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.

Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217 түздү, ал эми шайлоочулардын жалпы  саны 297203  түзүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы  Нуржан Шайлдабекова шайлоону өткөрүү боюнча  кеңири маалымат берди.

Жыйындан соң Максат Мамытканов Баткен облусунун чектеш аймактарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: