Menu

Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финполицияда сурак берип жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында сурак берип жатат. Бул тууралуу журналисттерге Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, САрпашев суракка саат 15:50гө чакырылган.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда да Финполицияга чакырылып, сурак берген. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: