“Сурак башталганда, эң биринчиден сурак сырын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кагазга кол коёсуң. Ошондуктан иликтөөнүн жүрүшү боюнча эч нерсе айта албайм” – деди кечээ, 9-декабрда Финполицияда сурак берип чыккан экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.
“Бирок, негизинен мен бардык суроолорго ачык-айкын жооп бергенге даярмын” – деди ал.
Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда да Финполицияга чакырылып, сурак берген. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.
Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ