Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин күбөлүктөрүн бүгүнтөн баштап бере баштайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
3-декабрда талапкерлердин кол топтоо документтери кабыл алынган. Алардын бардыгын текшерип бүтүшкөн.
Төмөнкү талапкерлерге күбөлүктөр жана тийиштүү түрдө расмий каттоолор тапшырылышы күтүлүүдө:
1. Аймен Касенов,
2. Арстанбек Абдылдаев;
3. Бабур Төлбаев;
4. Садыр Жапаров;
5. Адахан Мадумаров.
Буга чейин Кубан Чороев менен Кубанычбек Токтосуновдун кол топтоо баракчалары жараксыз болуп калган. Президенттикке 20 талапкер кол топтоо документтерин тапшырышкан.
Президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ