Самюэль Патини эскерүү акциясы. Лилль шаары, 18-октябрь 2020-жыл
Францияда мугалим Самюэль Патинин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чеченстандык беш киши кармалды. Бул тууралуу France Bleu басылмасы билдирди.
Укук коргоо органдарынын божомолуна ылайык, кармалгандар мугалимди өлтүргөн 18 жаштагы Абдуллах Анзоров менен интернетте жазышып, жихад темасын козгогон болушу мүмкүн.
Маалыматка караганда, 18 жаштан 21 жашка чейинки шектүүлөр Франциянын эки аймагында кармалды. Азырынча аларга айып тагыла элек, тергөө иштери жүрүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата Патинин өлүмү боюнча 14 киши, анын ичинде беш мектеп окуучусу текшерилүүдө. Алардын айрымдары кылмышка кошо катышкан деп шектелсе, башкалары кылмыш кылууга түрткү берген деп айыпталууда.
47 жаштагы география жана тарых мугалими Самюэль Пати 16-октябрда Париждин жака белинде өлтүрүлгөн. Бул окуядан бир нече күн мурда ал сабакта сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылып, окуучуларга Charlie Hebdo журналы Мухаммед пайгамбарга тарткан карикатураны көрсөткөн.
Абдуллах Анзоров колго түшүрүү маалында полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 6-декабрда Чеченстандын Урус-Мартанов районунда жерге берилди. Жергиликтүү «Грозный» телеканалынын тажияда тартылган сюжетинде мугалимди өлтүргөн өспүрүм чагымчылдыктын курмандыгы болуп калганы айтылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ