Menu

Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып албайт

Бөлүшүү:

Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып албайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме кылып билдирди.

Анын айтымында, препарат тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдөн өтпөгөндүктөн, дүйнөнүн бар да өлкөсү аны колдонууга уруксат бере албайт.

Министр кеп кайсы вакцина жөнүндө болуп жатканын тактаган жок. Бирок буга чейин Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Түркия «Спутник V» вакцинасын сатып алууга кызыгып жатканын билдирген.

Reuters Түркия Кытайдын Sinovac Biotech компаниясынан 50 миллион даана вакцина сатып алганын, жапырт эмдөөнү декабрдын ичинде баштоону пландап жатканын жазды. Фахреттин Кожанын айтымында, Анкара ошондой эле 2021-жылдын соңуна карата Pfizer жана BioNTech компанияларынын 25 миллион даана вакцинасын сатып алууга ниеттенүүдө.

ТАСС агенттиги «Спутник V» вакцинасын колдоо менен алектенген Түз инвестициялар фондундагы булагына шилтеме кылып, Түркия препараттан баш тартпаганын, сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Түркияда пандемия башталгандан бери дээрлик 900 миңден ашык кишиге COVID-19 жугуп, 15 миңден көп бейтап каза болду.

«Спутник V» вакцинасын сыноого 40 миңге жакын киши катышкан. Ал расмий түрдө 11-августта каттоого алынган. Ошол кезде препарат клиникалык сыноонун эки гана баскычынан өткөн. Сыноонун үчүнчү баскычында анын натыйжалуулугу 95% экени айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: