Menu

Казак миллиардери Булат Утемуратовдун активдерин чектөө тууралуу сот чечими жокко чыкты

Бөлүшүү:

Шаршемби күнү «Верный Капитал» компаниялар тобу негизги акционери эсептелген Булат Утемуратовдун активдерин чектөө тууралуу британ сотунун чечими жокко чыгарылганын билдирди.

Маалыматка караганда, БТА Банк менен Утемуратовдун өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында каржы уюму доо арызын кайтарып алууга макул болду.

«Доо арызды кайтарып алууга Булат Утемуратовдун жана ага байланышы бар адамдар менен компаниялардын каражат уурдоо ишине тиешеси жок экенин ырастаган документтерди берүү тууралуу сүйлөшүүлөр себеп болду. Документтердин бир бөлүгү БТА Банкка келишимге кол коюлганга чейин берилген», — деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Өткөн айда британ соту БТА Банктын талабы менен Булат Утемуратовдун 5 миллиард долларга бааланган активдерин камакка алган. БТА Банк доо арызында уурдалган каражатты жашырууга Утемуратовдун тиешеси бар экенин жазган.

Кезинде президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси жана Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси кызматтарында иштеген Булат Утемуратов азыр миллиардер, диверсификациялык бизнестин ээси. Ал «Верный капитал» аркылуу Казакстандагы жана Кыргызстандагы Beeline байланыш операторлорун, алтын өндүрүүчү RG Gold компаниясын, мейманканалар түйүнүн, тез татым ресторандарын жана Караганда аэропортундагы үлүшүн көзөмөлдөйт. Мындан тышкары ал «31-канал» менен Informburo.kz сайтына ээлик кылат. Америкалык Forbes журналы анын байлыгын 2,8 миллиард долларга баалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: