Белгиленгендей, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1968-жылы туулган З.Ж жана 1983-жылы туулган М.З. Женго аттуу каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү экени аныкталды.
Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгү “Кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү” боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Сотко чейинки процесстин алкагында аталган адамдар менен алдын-алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алар уюшкан кылмыштуу топтун ишине катышуудан баш тартышкан жана мындан ары дагы КРнын мыйзамдарын так сактоого милдеттенишкен.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу иш-чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ