Menu

Тажикстанда жумуштан алынган филармониянын кызматкерлери сотко кайрылышты

Бөлүшүү:

Эмомали Косимов

Эки күн мурда жумуштан алынган Тажик мамлекеттик филармониясынын музыканттары сотко кайрылышты. Алар жетекчиликтин мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Филармониянын алдындагы ыр жана бий ансамблинин 51 жаштагы музыканты Эмомали Косимов кайра жумушка дайындоону жана иштебей калган күндөрү үчүн айлык төлөп берүүнү талап кылып сотко кайрылганын билдирди.

«Мени эч кандай себепсиз, мыйзамды бузуу менен иштен алышты. Филармониянын жетекчилиги бул жөнүндө мага бир ай мурда айтышы керек болчу. Бүгүнкү күнгө чейин мени жумуштан кетирүү тууралуу буйрукту ала элекмин. Бул чечимди негизсиз деп эсептейм. Филармонияда 18 жыл иштеп, көптөгөн маданий иш-чараларга катышкам», — деди музыкант.

Филармониядан Эмомали Косимов музыкалык билими жок болгондуктан жумуштан кетирилгенин билдиришти. «Ал аттестациядан өткөн жок», — деп билдирди мекеменин өкүлү.

«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, филармониянын иштен алынган кызматкерлеринин тизмесинде 20дан ашык музыканттын аты-жөнү жазылган. Алардын арасында Дилрабо Умарова да бар. Ал кайра жумушка алуу талабы менен Душанбенин Сино райондук сотуна кайрылган. «Мен Тажик мамлекеттик искусство институтун сырттан бүтүргөм, өзүмдүн кесипкөйлүгүмө ишенем. Мени эмнеге жумуштан кетиришкени түшүнүксүз болууда», — деди ал.

Мамлекеттик филармониянын юридикалык бөлүмүнүн өкүлү жумуштан алынган кызматкерлердин көбү аттестациядан өтпөй калышканын, айрымдары профессионалдык талаптарга жооп бербесе, башкаларынын музыкалык билими жок экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: