Menu

Өмүрбек Текебаев: “Буга чейин бир дагы төрага кылмыш жообуна тартыла элек. Бирок, мындан кийин андай прецедент толук болот”

Бөлүшүү:

“Депутаттар добуш бергенине жооп бербейт деп, биз бардык нерсеге добуш бере беребиз. Депутаттар, сиздер жооп бербейсиңер. Бирок жооп бере турган киши – ЖКнын төрагасы. Ал Кыргызстандагы эң бийик кызмат адамы. Анын милдети – Конситуцияны жана регламентти так сактоо” – деп билдирди бүгүн, 10-декабрда депутат Өмүрбек Текебаев.

“Эгерде депутат сайрап айтып турганына карабастан, мыйзам долбоорун добушка коюп, “депутаттар силер жооп бербейсиңер, көздү жумуп добуш бере бергиле” дегени менен, мыйзамдаштырып келгенде регламенттин бузулганына байланыштуу төрага жоо берип калат. Буга чейин бир дагы төрага кылмыш жообуна тартыла элек. Бирок, мындан кийин андай прецедент толук болот. Мен аны да эскертип айтам” – деди депутат.

Ошондой эле, Текебаев кечээ каралган референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине экинчи окууда кароого киргизилгенине таң калгандыгын билдирди.

“Регламенттин 55-беренесинин талаптарына ылайык, ар бир окуунун ортосу 10 күндөн кем эмес болуш керек. Столдун үстүнөн экинчи окууга даяр болгон материалды, комитеттин чечимин да көргөн жокмун. Эң негизгиси, комитеттер, фракциялар каршы болбосо, кээ бир мыйзамдар бир убакта 3 окууда кабыл алынат. Бирок бул эл аралык келишимдерге, башкача айтканда, ратификациялоого гана тиешелүү. Башка мыйзамдар бардык процедуралардан өтүшү керек” – деди Текебаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: