Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен К.А. уттуу жаран кайрылган, себеби 8-декабрда Чүй айылында жайгашкан компьютердик клубдун кассасынан 46 800 сом суммасындагы акчасын уурдап кеткен билдирип, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Чүй РИИБнүн КЖБР катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен сотко чейин өндүрүш иши башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү алкагында, Чүй РИИБнүн милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип 18 жаштагы О.Н. Чүй облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ