Menu

Президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагында камакта калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаардык соту президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин баш коргоо чарасы карап, Биринчи май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу журналисттерге шаардык соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот адвокаттардын Курманбек Дыйканбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу доо арызын канааттандырган жок. Ошентип, сотко чейинки процесстин алкагында Курманбек Дыйканбаев 2021-жылдын 24-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо кампаниясы учурунда Курманбек Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотом деп коркуткан.

Такталбаган маалыматтарга караганда, сөз “Дастан” мамлекеттик ишканасы жөнүндө болуп жатат, анын башчысы Талантбек Иманов “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 9-орунда турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: