Сокулук районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарынын жашоочусу 28 жаштагы Ш.Э. арыз менен кайрылып, 4-декабрга караган түнү сарайынан майда мал жандыктарын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 20 миң сомду түзгөн.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, милиция кызматкерлери бул кылмыш бир топ адамдар тарабынан жасалганын аныкташып, ал топ уурулук иштери менен алектенип келгенин такташкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 30 жаштагы А.Я., 34 жаштагы Р.Я., жана 23 жаштагы Б.З. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Кармалган жарандар жашаган жерден велосипед, шеритүүчү аппарат жана башка буюмдар алынган.
Бүгүнкү күнү кармалган жарандардын Сокулук районунун аймагынан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ