Москвада 29 жаштагы кыргызстандык аял метродо көз жарды. Окуянын видеотасмасы Россиянын Телеграм каналдарынын биринде жарыяланган.
Көз жарууну полиция кызматкерлери Москвадагы “Электрозаводская” станциясында кабыл алышкан.
«Полиция кызматкерлери кош бойлуу аялдын абалын байкап калышкан. Ошол убакта анын толгоосу козголгон. Полиция тез жардам кызматын чакырган, бирок төрөт алар келгенге чейин башталган. Улук сержант Алеся Полякова кош бойлуу аялды төрөтүп, ымыркай жуурканга оролгон. Келген дарыгерлер полиция баарын туура жасагандыгын белгилешти. Учурда ымыркай менен эненин ден-соолугу чың», – деп айтылат Телеграм каналында.
Метродо төрөгөн кыргызстандык жарандын аты-жөнү Үпөл Курманова экени такталды, ал 29 жашта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ