Menu

Өзбекстанда эркек киши кош бойлуу аялын, кайненесин жана эки баласынын кекиртегин кесип салды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда эркек киши кош бойлуу аялын, кайненесин жана эки баласын өлтүргөн деп айыпталууда. Маалыматка ылайык, кечээ, 9-декабрда күйөөсү аялын көзүнө чөп салды деп кылмыш жасаган. Бул тууралуу “Gazeta.uz” басылмасы Башкы прокуратурага шилтеме берүү менен билдирет.

Басылманын маалыматы боюнча, март айында 1995-жылы туулган жубайы жумушсуз үйдө отурган күйөөсү менен кайым-айтышуудан кийин өзүнүн апасынын үйүнө кетип калган жана жолдошу менен байланышты токтотууну чечкен.

Кылмыш өзү 9-декабрь күнү саат 23:30 чамасында болгон. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Gazeta.uzго маалымдалгандай, А.Х., аялын башка адамдан кош бойлуу болгон деп шек санап, эки ашкана бычагын алып, дубалдын үстүнөн секирип кайненесинин үйүнө кирген. Ал аялын, кайненесин, 8 жаштагы жана 6 жаштагы балдарынын тамагын кесип, окуя болгон жерден качып кеткен. Ошол учурда алардын бардыгы уктап жаткан. Каза болгон балдар 25 жаштагы аялдын биринчи никесинен болгон.

Бул факт боюнча Яккабаг райондук прокуратурасы 10-декабрда кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү адам кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: