Menu

Гүлшайыр Садыбакасова: “Экошам, Сайкал эжең экөөбүздүн туулган күнүбүздү быйыл сенсиз өткөрдүк”

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-декабрда КРнын эл артисти, “Кыз-Бурак” продюсердик борборунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын жана анын кызы Сайкал Садыбакасованын туулган күнү болуп өттү. Гүлшайыр Садыбакасова туулган күнүндө каза болгон уулун эскерди. Ал ага карата Инстаграм баракчасында билдирүү жазды.

10-декабрь Сайкал эжең экөөбүздүн туулган күнүбүз. Экошам, бизден мурда сен сүйүнүп, толкунданып, өткөрүү пландарды түзүп, бизге белек алууга Пазан агаң менен “секреттешип”, ары-бери чуркап, кубанып турар элең. Садага болоюнум, туулган күнүбүздү быйыл сенсиз өткөрөбүз. Сен бардагыдай кубанычтуу сезимдер, жаркын маанайлар, шайыр-шатман күлкүлөр жок… Көзүбүздө жаш, көкүрөгүбүздө кайгы-муң, түгөнбөгөн күйүт. Сенин күтүлбөгөн белектериң, бизге арнаган ырларың эми жаңырбайт. Себатта, 5-класста окуп жүргөнүңдө “күнүмдүккө” деп берген акчаны үнөмдөп, мага белек алганыңды угуп “ачка жүрдүңбү” – деп кайгырып, ыйлаганым эсимде. Бирок ар дайым белек бергениңди унутпадың. Көрсө, келбес сапарга кетээриңди сезген окшойсуң каралдым. Бүгүнкү туулган күнүбүздө биз сени эскеребиз, эстейбиз. Туугандарыбыз келе жатат, жыт чыгарып, куран окуп, дубаларыбызды сенин рухуңа багыштайбыз. Эркинтайым, сен биздин жүрөгүбүздөсүң. Биз сени түбөлүккө унутпайбыз. Ыйманың саламат, акыркетиң абат, кабырың нурлуу болсун. Аллахым жаннаттан жай берип, бейиш багында ойноп жүргөнүңдү насип кылсын“, – деп билдирүү жазды Гүлшайыр Садыбакасова.

Эскерте кетсек, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов жүрөк оорусунан улам каза болгон. Ал болгону 19 жашта болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: