Menu

Бакуда Карабактагы согуштун аякташынын урматына парад өттү

Бөлүшүү:

Бейшембиде Бакудагы Эркиндик аянтында Карабактагы согуштун аяктаганына байланыштуу аскердик парад өттү. Иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Түркиянын президенти Режеп Эрдоган келди.

Парадга эки өлкөдөн үч миңден ашуун аскер кызматкерлери жана 150дөй согуштук техника катышты. Аянтка талкаланган армян танктарын жана башка аскердик машиналарды алып келишти.

Буга чейин Алиев жаңы мамлекеттик майрам – Жеңиш Күнү жыл сайын 8-ноябрда белгиленерин жарыялаган. Согуштук аракеттерди токтотуу бонча келишимге 10-ноябрга караган түнү кол коюлган. Бирок бул дата заманбап түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү күнү болгондуктан, Азербайжан бул күндү майрамдоодон баш тарткан.

Азербайжан бийлиги тараткан маалыматка караганда, Тоолуу Карабактагы жаңжал учурунда 2783 аскер өлгөн, 1245и жаракат алган. 100дөн ашуун жоокердин дайыны чыкпай жатат.

https://www.currenttime.tv/a/30993459.html

Бул арада бейшембиде Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган акциялар өттү. Ереванда өкмөт үйүнүн жанында уюштурулган митинг учурунда полиция менен кагылышуу болду.

Буга чейин оппозиция өкмөт башчынын кызматтан кетишине 8-декабрга чейин мөөнөт берген. Никол Пашиняндын кызматтан кетишин баш-аягы 17 партия талап кылып жатат жана алар «Ата Мекенди коргоо» кыймылына биришкен. Бул кыймыл өкмөт башчылыкка Улуттук-демократиялык бирикменин лидери Вазген Манукяндын талапкерлигин көрсөткөн.

Никол Пашиняндын саясий салмагы 10-ноябрда Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышты токтотуш үчүн Азербайжандын жана Орусиянын президенттери менен макулдашууга кол койгондон кийин кескин азайды. Документти көпчүлүк армяндар Еревандын жеңилиши катары кабыл алышты.

Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого 2000ге жакын ашуун орусиялык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: