Menu

Кыргызстанда дагы 327 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 1 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 327 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 113, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 18, Талас облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 69, Жалал-Абад облусунан – 33, Баткен облусунан – 20, Нарын облусунан – 6 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 76 718 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 447 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 68 341ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 123, Ош шаарынан – 22, Чүй облусунан – 118, Ош облусунан – 39, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 44, Баткен облусунан – 42, Нарын облусунан – 6, Талас облусунан – 11.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Жалал-Абад облусунан –1  адам каза тапты. Жалпы саны 1307ге  жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: