Menu

УКМК Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таировдун кармалышынын себебин айтты

Бөлүшүү:

Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Финполициянын мурдагы төрагасы мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алган фактысын аныктады.

«Сотко чейинки процесстин алкагында, 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы аныкталды” – деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: