КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат.
Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба Республикасы менен Өзбекстан Республикасына берүү маселеси да каралат.
Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ