Menu

КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видеоконференцбайланыш форматында КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Бөлүшүү:
Кечээ, 10-декабрда КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видеоконференцбайланыш форматында КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.
Актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр жана ар түрдүү багыттар боюнча Шериктештиктин алкагында, анын ичинде КМШ мейкиндигинде коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуулар болду.
Делегация башчыларынын негизги көңүлү КМШ мамлекеттеринин башчылар кеңешинин алдыда боло турган жыйынынын күн тартибине бурулду. Атап айтканда КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына карата, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу тууралуу КМШ мамлекеттеринин башчыларынын биргелешкен долбоорун жактырышты. Андан тышкары КМШны мындан ары ϴнүктүрүү концепциясынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын, Аскердик кызматташуунун концепциясынын жана чек ара коопсуздугун бекемдөөдө Кызматташуу программасынын долбоорлору жактырылды.
Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү 2021-жылга КМШнын алкагында көп деңгээлдик ТИМдер аралык консультациялардын планын бекитишти жана физика жана физика-техникалык илимдер боюнча илимий кадрларды жана прокуратура органдарынын кызматкерлерин даярдоо жаатында КМШ катышуучу-мамлекеттердин базалык уюмдары боюнча чечим кабыл алышты.
Р.Казакбаев өз сөзүндө пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңүү үчүн Шериктештиктин болгон дараметин натыйжалуу пайдаланууга чакырды жана жаңы вирустун вакцинасы менен адамдарды толук жана жетиштүү камсыздоо үчүн биргелешкен комплекстүү аракеттер болоруна ишеничин билдирди.
Министр КМШнын алкагында Эркин соода-сатык зонасы жөнүндө келишимди мындан ары ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдөрдүн үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүү жана аны мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле үзгүлтүксүз авиакаттамдарды акырындык менен кайра жаңылоо жана эмгек ресурстарын айкалыштыруу жолу менен соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
КМШ ТИМКнын кийинки жыйынын Россия Федерациясында 2021-жылдын 2-апрелинде өткөрүү пландалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: