Menu

КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Москва шаарындагы мекендештери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин Өкүлчүлүгү 2020-жылдын декабрь айында “Ак-Барс” спорттук клубунда бош убактыларында машыккан жаш кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда Өкүлчүлүктүн этникалык принциптер боюнча уюшулуп жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалыматтар берилип, спортчуларга коомдук тартипти бузбоо жана келген өлкөнүн мыйзамдарын так аткаруу керектиги айтылган.

Андан сырткары, спорттук клубдардын машыктыруучуларына өздөрүнүн окуучуларына физикалык даярдыктарын өнүктүрүү менен гана эмес, маданий жактан дагы тарбиялап, алдын алуу мүнөзүндөгү иштерди дагы ар дайым жүргүзүү керектиги сунушталган.

Элчилик, КРнын ИИМдин жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын РФдеги Өкүлчүлүктөрү, кыргыз даиспоралары, коомдук уюмдар менен ар дайым байланышта болуулары айтылган.

Элчиликтин расмий сайтын жана социалдык тармактарын карап туруу зарылдыгы, маселелер жаралган учурда ыкчам байланышка байланышуу керектиги түшүндүрүлгөн. Бул иш-чарага катышкан спортчуларга бүгүн айтылган зарыл болгон маалыматтарды тааныштарына, жакындарына жана туугандарына, өзгөчө жаштарга жеткирүүгө чакырган.

Кыргызстандыктарга укуктук маселелер боюнча кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: