Menu

Ошто баштыкка оролуп, балконго ыргытылган наристе өлүү төрөлгөн

Бөлүшүү:

Ошто баштыкка оролуп, балконго ыргытылган наристе өлүү төрөлгөн. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспертизадан кийин 20 жаштагы шектүүгө каршы иш материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди. Андан кийин аялга чара көрүлөт.

Ошондой эле, аял милицияга бир жыл мурун зордукталганын, кош бойлуу болуп калганын, бирок кылмыш курамынын жоктугунан иш жабылгандыгын айткан.

Эске салсак, 2020-жылы 2-ноябрда Ош шаарынын тургуну өзү сатып алган көп кабаттуу үйдүн батирин тазалап жатып, баштыкка оролгон ымыркайдын сөөгүн тапкан. Сөөк ал жерде эки жумадай жаткан. Кыз териштирүүдө бала өлүк төрөлгөндөн улам коркуп кетип, баштыкка ороп койгонун айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: