Menu

Бекбосун Бөрүбашев: “Конституциялык кеңешменин жумушунун биринчи этабын бүттүк”

Бөлүшүү:

Конституциялык кеңешменин жумушунун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев пресс-конференцияда билдирди.

“Биринчи этапта ар бир секциялар Конституциянын негизги жоболорун окуп, талдап, өздөрүнүн сунуштарын беришти. Экинчи этапта атайын түзүлгөн эксперттик топ (курамына юристтер, тилчилер кирет) текстти карап чыгышат. Ошол боюнча секция сунуштарыбызды беребиз Конституцияны юридикалык документ катары бир нгайга келтиришибиз керек. Анткени, бул жерде карама-каршылык, каталар, кайталоолор болуп калышы мүмкүн. Экинчи этапты кийинки жумада баштайбыз. Андан кийин жалпы пленардык жыйынга ушул маселени жалпы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү алып чыгып, добуш берип бир чечим кабыл алабыз” – деди Бекбосун Бөрүбашев.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: