Бүгүн, 11-декабрда Матраимовдордун доо арызы боюнча белгиленген сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу журналист Али Токтакунов Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, сот отурум кайсы күнгө жылдырылганы белгисиз.
“Матраимовдордун доо арызы боюнча бүгүн 14:00гө белгиленген сот жылдырылды деп азыр эле кабарлашты. Судья Ибраимова келе албайт деп айтышты. Эми качан болору белгисиз. Келем дегендер убара болбогула.
Сотко берип, баштаарын баштап алгандардын күн сайын абийири ачылып, калың эл утуп баратат. Сөз эркиндигине, журналисттерге басым кылып, дөөгүрсүгөн Матраимовдор азыр кандай кыларын, ишти кантип жымсал бүтүрүүнү билбей турган учуру“, – деп билдирүү жазган Али Токтакунов.
Белгилей кетсек, бүгүн Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун Али Токтакуновго, “Азаттыкка” жана “Клоопко” каршы 45 миллион сомдук доо арызы боюнча сот отуруму болмок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ