Menu

АКШ Матраимовдун аялын да «кара тизмеге» киргизди

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-декабрда «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бүгүн мен мурдагы кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык тандем түзгөнү үчүн «Магнитский тизмесине» киргиздим. АКШ коррупцияга каршы турат жана дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушун токтотуш үчүн жоопкерчиликти күчөтөт», деп жазды мамлекеттик катчы.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовго санкция киргизген.

49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары бул мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

RFE/RL радиосунун кыргыз кызматы өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: