Menu

Өзбекстанда район башчысын сотко берген фермердин сөөгү арыктан табылды

Бөлүшүү:

Навои облусунун Хатырчин районунда жергиликтүү бийликти сотко берген фермердин сөөгү арыктын жээгинде табылды. Ал иштетип жүргөн айдоо жердин ижара мөөнөтүн токтотуу тууралуу район башчысынын чечими боюнча доо арыз жазган.

Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, фермердин сөөгү өткөн айдын башында арыктан табылган. Бул маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов ырастады.

Башкы прокуратуранын өкүлү бул иш боюнча тергөө башталганын, ошол эле маалда кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза фермер тумчугуп өлгөн деген жыйынтык чыгарган.

Шамсутдинов бирок маркумдун туугандары күмөн санап жаткандыктан, кийинчерээк кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кайра жокко чыгарылганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: