Menu

ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) төрагасы Жапыкеев Сыймык Асылбекович КРнын бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смит мырза менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууда ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев саламдашып, ал Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө келгендери үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Финансы полициясынын артыкчылыктуу багыты мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, ак ниет ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн сактоо, бизнести жүргүзүү жана өлкөгө инвестициялардын келүү агымы үчүн эң жакшы шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

Ак ниет (таза) ишкерлер мамлекеттик органдардын бизнестин мыйзамдуу ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү маселелеринде ЭККМКнын негизги шериктештери болуп саналат. Алар булганыч атаандаштыкты, салык төлөөдөн качкандарды, мамлекеттик кызматчылардын таза эместигин жана албетте, ири коррупциялык схемаларды көрсөткөн маалымат берүүчүлөрдүн ролун аткарышат.

Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мырза бул жолугушууну уюштургандыгы үчүн ЭККМКнын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, Финансы полициясы ишкердик субъекттердин жакын өнөктөшү, текшерүүчүлөрдүн ээн баштыгына каршы коргоочу болушу керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнестин жана ишкерлердин кызыкчылыктарын талкуулашты жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мындан ары тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: